Биз менен байланышыңыз

Парламент экс-президенттердин кол тийбестигин алып салууну колдоду

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 719 | 0

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин  басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары саналбайт. Үй-бүлөсүн мамлекет камсыздайт деген ченем да жок.

Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:

— Президенттин кол тийбестигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда Президенттин кызмат ордунан четтетилгенден кийин, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

— Аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктерди пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

— 13-беренеде экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

— Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан аркы ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM