Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: 2018-жылы бюджеттин дефицити ИДПга карата 1,2%ды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 519 | 0

“Кумтөр” кенин кошпогондо, экономиканын өсүшү 103,5%ды түздү, же 2017-жылга салыштырмалуу 5,1%га өскөн. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда жыйынында билдирди.

«2018-жылы бюджеттин дефицити ИДПга карата 1,2%ды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч болгон. Жалпысынан тартыштык 6, 46 млрд.сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,9 млрд сомго, же 3 эсе азайган. 2017 -жылы дефицит – 17 млрд 377 млн сом болгон» , — деди Абылгазиев.

Жалпысынан республикалык бюджеттин кирешеси – 135,5 млрд сомду, чыгашасы – 141,9 млрд сомду түздү. 2017-жылга салыштырмалуу өсүш 5% болду. Анын ичинен:

  • Салыктык кирешелерден бюджетке 103,7 млрд. сом чогулуп, 2017-жылга салыштырмалуу 13,4%га же 12,3 млрд. сомго өскөн;
  • Салыктык эмес кирешелер боюнча бюджетке 22,5 млрд. сом келип түшкөн;
  • Расмий трансферттер 9,2 млрд. сом келип түшкөн.

2018-жылы бюджетти түзүүчү мамлекеттик органдар бюджеттин толтуруунун  үстүндө аткарган иштери төмөнкүлөр:

  • Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 62,1 млрд сом, же 2017-жылга салыштырмалуу 4,8 млрд сомго көп салык чогултту, өсүш 108,3 %ды түздү;
  • Бажы кызматы тарабынан республикалык бюджетке бажы салыктарынан жана төлөмдөрдөн 41,7 млрд. сом түштү. 2017-жылга салыштырмалуу Мамлекеттик бажы кызматы 7,5 млрд сомго көп чогултту.
  • Мүлктү башкаруу фондунан 3,7 млрд сом каражат түштү, 2017-жылга караганда 1 млрд сомго,  же 38%га өстү.

 

Copyright © 2017 Maral FM