Биз менен байланышыңыз

Сулайманов Бажы биримдигинен убактылуу чыгып турууну сунуштады

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 842 | 0

Казакстан Кыргызстанга унду чыгарууга чектөө киргизүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

− Биз отузунчу жылдары казак туугандар ачка калганда казак туугандарды сактап калганбыз. Дайыма кыйын мезгилде кошуналар ушундай мамиле кылышат. Эмне үчүн учурда Бажы биримдигинин нормалары иштебей жатат?» — деп депутат вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге суроо узатты.

Ошондой эле, Сулайманов бүгүнкү күндө факты түрүндө Бажы биримдиги иштебей жатканын айтып, иштебесе ушул кырдаалдан чыкканга чейин Бажы биримдигинен чыгып, убактылуу өз-өзүнчө оокат кылуу керектигин сунуштады.

Ошо эле учурда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев буга чейин ун жана башка азык-түлүк мурдагыдай эле келип жатканын айтып, бирок өткөн бейшемби күнү Кыргызстанга жалпы айына 30 миң тонна квота киргизилгенин билдирди.

− Ошол квотанын алкагында учурда ун, буудай кирип жатат. Кечээ гана кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде өзгөчө режим киргизилип, жүк ташуу эртең мененки саат 10.00дөн кечки саат 7.00го чейин гана уруксат деген жаңы эреже киргизишти. Ошондой эле учурда сүйлөшүлөр жүрүп жатат, — деди Эркин Асрандиев.

Мындан сырткары Эркин Асрандиев Орусиянын Өкмөт башчысына 100 миң тонна буудайга кат жөнөтүлгөнүн айтып, Матрезерв жана кошумча бөлүнгөн 600 млн сомго келишимдер түзүлүп,  май айынын башында буудайлар келе турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM