Биз менен байланышыңыз

Алдын ала жыйынтык: Бишкекте кайсы партияда канча мандат бар?

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 2237 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Бишкек шаары боюнча 25 партия катышып, алардын алтоо 7%дык босого упайдан өттү. Азыркы эсеп боюнча мандаттар төмөнкүдөй санда бөлүштүрүлөт:

  1. «Эмгек» партиясы (13, 96%) — 10 мандат;
  2. «Ак-Бата» партиясы (12,22%) — 9 мандат;
  3. НДПК (КЭДП) (10,62%) — 7 мандат;
  4. «Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%) — 7 мандат;
  5. «Ынтымак» (8,3%) — 6 мандат;
  6. «Биздин эл» (7,75%) 6 мандат;

Эскерте кетсек бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек.

Copyright © 2017 Maral FM