Марал Радиосу

Мамасадык Бакиров Жогорку Кеңеште ант берди

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Мамасадык Бакиров ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде мандат тапшырган.

Маалым болгондой, Мамасадык Бакиров депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырган Жаныбек Бакчиевдин ордуна келди.

Эске салсак, Мамасадык Бакиров  парламентке «Бир Бол» фракциясынан келди.

Exit mobile version