Биз менен байланышыңыз

Чехия Орусиялык 62 дипломатты өлкөдөн чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 668 | 0

Чехиядагы орусиялык дипломаттардын саны менен Орусиядагы чех дипломаттарынын саны тең болушу керек. Буга байланыштуу Орусия май айынын аягына чейин Прагада иштеп жаткан 62 кызматкерин өлкөдөн чыгарып кетүүсү зарыл. Бул тууралуу Чехия Тышкы иштер министри Якуб Кулганек билдирди.

Прага буга чейин Москвадан өз дипломаттарына 22-апрель күнү түшкү саат 12:00гө чейин кызматына кайра келип, иштөөгө уруксат берүүсүн талап кылган болчу. Бул талабы аткарылбаса, анда Чехия Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерин жапырт өлкөдөн чыгара турганын эскерткен. Министрдин айтымында, Москва бул талапка жооп кайтарган эмес.

Чехия Орусияга ультиматум койду

Кулганек Чехия Орусия менен мамиленин курчушун каалабай турганын, бирок чех бийлигинин башка тандоосу жок экенин айтты.

«Биздин чечим Чехияда окуган, иштеген орусиялык жарандарга коркунуч иретинде туюлбашы керек», – деди Кулганек.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жарылууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын катышы бар деген негизде 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты Чехиядан чыгаруу чечими себеп болду. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын «нон-грант персона» жарыялап, алардын Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылган.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM