Биз менен байланышыңыз

Чехия Орусияга ультиматум койду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 573 | 0

Чехия Орусиядан чыгарылган чех дипломаттарынын баарын иш ордуна кайтарууну талап кылды.

Чехиянын Тышкы иштер министри Якуб Кулганек Орусия бийлигин 22-апрель саат 12:00гө чейин өтүнүчтү аткарууга чакырды. Болбосо, Чех бийлиги орус дипломаттарын өз өлкөсүнөн чыгаруу аркылуу жооп кайтарарын эскертти. 

Буга чейин Чехия 18 орус дипломатын 2014-жылы орусиялык атайын кызматтын ок-дары кампасын бомбалоосуна тиешеси бар деген шек менен өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, Чехия өкмөтү Дукова атомдук электр станциясынын жаңы энергоблогун куруу боюнча тендерден «Росатомду» четтетерин жарыялады.

Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын 20 дипломатына «персона нон-грата» жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM