Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы жайылган

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 537 | 0

Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий сайтына жарыялады.

Министрлик Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусология лабораториясы тарабынан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун референс-лабораториясында Орусия керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын «Вектор» мамлекеттик вирусология жана эпидемиология илимий борбору менен биргеликте Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун башка түрлөрүн аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун «британиялык», «индиялык», «түштүк африкалык» жана «орусиялык» штаммдары бар экени аныкталды.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги беткап тагууну, социалдык аралыкты сактоону, антисептик колдонууну, симптомдор аныкталган шартта дарыгерге кайрылууну, өз алдынча дарыланбоо менен алдын алуу чараларын так сактоону сунуштайт.

Кыргызстанда коронавирустун «британ штаммы» катталды

Copyright © 2017 Maral FM