Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун «британ штаммы» катталды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 898 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун «британ штаммы» катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экенин тастыктаган.

Ошондой эле ал азыркы учурда коронавирус аныкталгандардын 50%ы «британ штаммы» болуп саналарын, коронавирустун бул түрү коркунучтуураак экенин эскертти.

«Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, «британ штаммы» бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Орусиянын вакцинасын тезирээк алып келип, элди эмдөө керек», — деди министр.

Буга чейин жаш дарыгер Эрмек Исмаилов жаңы штамм келсе деле, Кыргызстанда аны аныктай ала турган жабдуулар жок экенин билдирген эле.

Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн экендигин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан да маалымдаган. Ошондой эле коронавирустун жаңы «британиялык, япониялык, бразилиялык» деген штаммдары пайда болуп баштаган.

«Коронавирустун жаңы штаммы келсе да, аны аныктоочу аппарат бизде жок»

Copyright © 2017 Maral FM