Биз менен байланышыңыз

«Коронавирустун жаңы штаммы келсе да, аны аныктоочу аппарат бизде жок»

Ден соолук , Коом | 15 Янв 2021 | 5374 | 0

Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн экендигин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан маалымдады. Коронавирустун экинчи толкуну Түндүк жарым шарда, айрыкча Европа жана Түндүк Америкада кескин көбөйүүдө. Ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болуусу. Кыргызстан үчүн бул канчалык кооптуу? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Учурда Кыргызстанда жалпы эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок дүйнөдө коронавирус канчалык кооптуу болуп жатса, Кыргызстан үчүн деле ошончолук кооптуу. Анын алдын алуу үчүн медицина тармагын күчтөндүрүү керек. Демек, жалпы системада иштеген дарыгерлерге жана медкызматкерлерге туура мамиле жана колдоо зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев айтып берди.

Медайымдарды, врачтарды, медицина тармагында иштегендерди колдоп, ооруканалардын потенциалын күчтөндүрүп, саламаттыкты сактоо тармагына чындап көңүл буруу керек. Кыргызстанда азыр абал туруктуу, бирок бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анткени, «британиялык, япониялык, бразилиялык» деген жаңы штаммдар пайда болуп жатат. Бул вирус өзгөрүлүп жатат, башка вирустар келиши мүмкүн. Ошондуктан биз дайыма даяр болушубуз керек. Жалпы өпкө ооруларын көзөмөлгө ала турган өпкө борборун түзүү керек. Анткени коронавирустан каза болгондордун баары өпкөсү жараксыз болуп көз жумушту. Системада негизинен өтө маанилүү тармактарды күчтөндүрүү керек.

Ошондой эле ал тартип бар жерде гана ден соолук боло турганын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо оорунун алдын алса, андан тышкары коронавируска каршы вакцина маселеси да бар экендигин кошумчалады.

Азыр эң чоң приоритеттүү маселе — вакцинация. Иммунуитетти күчөтүп, вируска туруштук бере турган бир эле жол да — вакцинация. Дайыма биринчи катарда чечиле турган маселелердин ичинде болушу керек. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин ооруга каршы дары жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова вируска каршы вакцина бар болгондон кийин, аны Кыргызстан да колдонушу керек деп эсептейт. Учурда вакцинаны алып келип сактоо боюнча улуттук план иштелип жатат.

— Улуттук пландын негизинде вакцинаны кайсы группага жасайт, кандай шарттарда, кайсы жерлерде сактайбыз, адистерди окутуу жана башкалар боюнча улуттук долбоор иштелип чыгып, толукталып жатат. Кыргызстанда муздаткыч чынжырчасынын абалы кандай, дагы эмне жетишсиз, канча каражат, кандай муздаткычтар керек экендиги чечилип, андан сырткары ар бир облуска кантип жеткириле тургандыгы боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары Орусия вакцинасы боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Вакцинаны иштеп чыккан адистер менен атайын тажрыйба алмашууга барып келгени группа даярдалып жатат. 

Ошондой эле ал башка өлкөлөр менен бардык каттамдар ачык болгондуктан, коронавирустун жаңы штаммдары Кыргызстан да да пайда болушу мүмкүндүгүн айтып, бирок кооптонууга эч кандай негиз жоктугун маалымдады. Ошол эле учурда ал жалпы калкты эпидемиологиялык абал турукташа электигин унутпоосун эскертти.

Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов жаңы штамм пайда болду деп айтылып жатышынын аркасында саясат бар деп эсептейт.

— Менин оюмча, азыркы учурда Кыргызстанда коронавирус илдети менен 3-4 миллиондун тегерегинде жарандарыбыз ооруп чыкты. Көпчүлүк жарандар кайрылбагандыктан, расмий сандар айтылбай жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, тесттер менен текшергенде «2 миллион адамда антитело бар» деп айтылган. Ошондуктан азыр коллективдүү иммунитетке ишенсек деле болот деп ойлойм. Учурда «британдык штамм пайда болуптур» деп айтылып жатпайбы, эгерде ал келип кала турган болсо, ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Себеби эрежелерди сактаган эч ким жок. Ошондуктан беткап тагып, аралыкты сактап, иммунитетти чыңдоого үндөп кетет элем, анткени жашоо мурдагыдай болбойт.

Мындан сырткары ал ар бир жаран өз ден соолугунун жоопкерчилигин өз мойнуна алышы керектигин айтып, экинчи штамм келсе деле, Кыргызстанда аны аныктай ала турган жабдыктар жок экендигин кошумчалады. Мындан улам коронавирус болбосо деле, аларды аныктай турган жабдыктар болушу керек. Себеби, коронавирус акыркы вирус эмес, жаңы вирустардын пайда болуу ыктымалы бар.

Бизге экинчи штамм келсе да, аны аныктай ала турган жабдыктарыбыз жок. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын айтуусу боюнча, кандайдыр бир штамдарды изилдөөдө бир гана Орусияга жөнөтүп, кайсы штамм экенин билгенге мүмкүнчүлүгүбүз бар экен. Коркунучтуу жагы, Англиянын дарыгерлери эскерткендей, бул былтыркысына караганда бат жайылышы мүмкүн.

Пандемия бүтө электигине байланыштуу санитардык эрежелер күнүмдүк жашоо нормасына айланыш керектигин дарыгерлер белгилеп келет. Азыр эң чоң көйгөйлөрдүн бири 300-500 киши чогулган тойлор, ар кандай жыйындар, эл менен жолугушуулар байма-бай болууда.

Copyright © 2017 Maral FM