Биз менен байланышыңыз

Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 739 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборуна жана Улуттук фтизиатрия борборуна жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук онкология жана гематология борборунун мурдагы директору Эрнис Тилеков 6-апрелде өз каалоосу менен иштен кетүү арызын жазган. Ал бул кызматта төрт жыл эмгектенген.

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, бошогон кызмат орунга Бактыгүл Султангазиева дайындалды. Ал буга чейин аталган борбордун башкы врачы болгон.

Ошондой эле Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборуна директор болуп дайындалды. Мадамин Каратаев буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген. Каратаев аталган кызматка 2018-жылдын июнунда келип, ушул жылдын 25-мартында иштен алынган.

Бүгүн, 22-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Улуттук фтизиатрия борборунун кызматкерлерине жаңы жетекчилерди тааныштырды.

Copyright © 2017 Maral FM