Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы 6814 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 959 | 0
Бүгүн, 16-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 1534 адам эмдөө алды. Ошентип жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 6814 адамга жетти.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. 

Copyright © 2017 Maral FM