Биз менен байланышыңыз

«Маянанын аздыгынан чиновниктер чыккынчылыкка барышы ыктымал»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2021 | 1317 | 0

Мамлекетке чыккынчылык кылуу үчүн бюджеттик мекемелерде иштөөнүн кажети жок. Жөнөкөй жаран да ушундай жагдайга кабылышы ыктымал. Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Билип-билбей маалыматты алып же мамлекеттик мекемеде иштеген адамдар шалаакылык кылып, маалымат берип коюшу ыктымал. Тактап айтканда, сыр мамлекеттик чиновниктерден алынып, башка адамдар аркылуу берилип калышы мүмкүн», — дейт Медетбеков.

Анын айтымында, мамлекеттик чыккынчылар 10 жылдан ашык убакытка соттолот. Мындайлар оор жаза тартышы керек. Ал эми айрым өлкөлөрдө атууга чейин кетишет.

Жогорку деңгээлдеги чиновниктер коопсуздук боюнча милдеттенмелерин толук аткарарына эч ким кепилдик бере албайт.

Чиновниктердин айлык акысы аз болгондуктан көп учурда финансылык каражаттарга кызыгып, чыккынчылыкка барышы ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM