Биз менен байланышыңыз

Коркутуу жана 3 млн доллар: Түрк ишкерине кимдер кол салган?

Саясат | 13 Дек 2021 | 1896 | 0

Атайын кызматтан билдиришкендей, түркиялык ишкерди уурдоого шектелген кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалды. Алар түрк ишкерден 3 млн доллар акча талап кылышкан. Шектүүлөрдүн бирөөсү Сезимай Жунусова аттуу социалдык тармактын активдүү колдонуучусу, «Мекенчил» партиясынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болду. Анын бул ишке алданып аралашып калышы мүмкүндүгүн айткан соцтармактын колдонуучулары үй камагына чыгарууну талап кылып, флешмоб өткөрүп жатышат. Бул ишке милиция кызматкерлеринин да катышы бар экени коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Түркиялык ишкер үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргызстанга учуп келген. Аны кылмыштуу топ «Манас» аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Түрк ишкери бөлүмдөн тонолуп, тапанча менен коркутулуп, акча, саат, телефон, ноутбук жана башка баалуу буюмдарынан айрылган. Аны башына баштык кийгизип алып барып, жеке менчик үйдө 5 күн кармашкан.

УКМК менен Ички иштер министрлиги биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде уурдоону уюштурган жаран түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары үч жаран жана Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына караштуу «Манас» аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Шектүү катары кармалган үч жарандын бирөөсү аял киши экени айтылган. Ал 1989-жылы туулган Бегимай Жоомартова «Фейсбукта» Сезимай Жунусова деп катталган социалдык тармактын активдүү колдонуучусу жана «Мекенчил» партиясынын активдүү мүчөсү экени айтылууда. Анын бул ишке алданып аралашып калышы мүмкүндүгүн айткан соцтармактын колдонуучулары үй камагына чыгарууну талап кылып, флешмоб өткөрүшүүдө.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 10-декабрында шектүү катары кармалган Ахмет Булгурчу менен Азизбек Халтураевдин, 11-декабрда «Манас» аэропортундагы аба транспорт башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Пратов менен Бегимай Жоробаеванын баш коргоо чарасын каралып, 2022-жылдын 9-февралына чейин УКМКнын тергөө жайында камакта калтырган.

3 млн доллар акча чакан жана орто бизнес үчүн аябагандай чоң сумма экенин белгилеген Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков окуяны жапайычылык жана жалпы ишкерликке болгон чабуул катары баалады.

«Муну сөзсүз түрдө эбегейсиз терс көрүнүш, жапайычылык деп койсок да болот. Мындай көрүнүштөрдү болтурбашыбыз керек жана жол бербешибиз керек. Ошондуктан тийиштүү мамлекеттик органдар жана укук коргоо органдары көзөмөлгө алып, бардык чараларды көрөт деген үмүтүбүз бар. Себеби, андайды жазасыз калтырбашыбыз керек. Баарын иликтеп адилеттикти алып келүү керек. Себеби бул — жеке чет өлкөлүк ишкерге гана эмес, жалпы ишкердикке болгон чабуул. Баары мыйзамга ылайык каралып, талаш-тартыштары болсо, сот аркылуу же башка мыйзамдуу чаралар аркылуу чечүү керек. А бул жерде аэропорттон бери алып келип, ала качканы — аябагандай терс көрүнүш». 

Чет элдик ишкерди уурдап, 3 млн доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип кармалгандардын арасында милиция кызматкеринин болушу укук коргоо системасын толугу менен комплекстүү реформалоо керектигинен кабар берерин УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков белгиледи.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр 30 жылдан бери болуп келет, бирок бул адам коопсуздугуна орчундуу маселе жаратат.

«Эми ачыгын айтканда, бул маселе адам коопсуздугуна өтө орчундуу маселе болуп эсептелет. Себеби, мындай окуялар кечээ же бүгүн эле болуп калган жок. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир нече жолу катталган. Ошондуктан бул көрүнүш дагы деле болсо, укук коргоо органдарында бар. Арасында ыплас иштеген, же болбосо ар кандай уюшкан кылмышка кошулуп, бүгүнкү күндөгү рыноктук чоң аймакта болгон иштерин жүргүзүүгө аракет кылгандар да аз эмес. Демек биздин укук коргоо системасына толугу менен комплекстүү реформа болуп, ага таза, тыкан, мыйзамды толугу менен түшүнгөн кызматкерлер келмейинче, маянасы жогоруламайынча, турмуштук маселелери чечилмейинче, ошондой эле кызматкерлердин нравалык деңгээли жогоруламайынча, мына ушундай көрүнүштөр боло берет. Бул коомчулукта өтө чоң коркунучту пайда кылып, күч органдарына болгон ишенбөөчүлүктү арттырат. Президент баш болуп, жогорку деңгээлднги реформа жасашы керек».

Эксперттер мындай окуялар инвесторлордун Кыргызстанга келүүсүнө терс таасир этерин белгилеп келишет. 2021-жылы Кыргызстандан сыртка чыккан түз инвестициялардын көлөмү 700 млн доллар болгон. Бул — абдан чоң сумма жана Кыргызстандын инвестиция сальдосунда минус 400 млн доллар дегенди түшүндүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM