Биз менен байланышыңыз

Медетбеков кандай саясатчылар мамлекеттик сырга кооптуулук жаратарын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2021 | 1018 | 0

Сырт жактан келген (окуп, иштеп, жашап) жана чет жакка кеткен саясатчылар мамлекеттик сырга кооптуулук жаратат. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир топ саясатчы чет жакка чыгып, бийликке жакын адамдары келгенде өлкөгө келип, парламентте депутат, министр болгонго чейин барышты.

Чет жактан келгендерди кызматка дайындоодо тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап чыгуу керек.

«Сырт жакта иштеп келгендер барган мамлекетинин атайын кызматынын көзөмөлүндө болушу мүмкүн. Аларга жардам берүүгө да байланышып кетиши ыктымал. Чет жакта окуп, иштеп жүргөндөр атайын кызматтардын тизмесине илинип калып, алар менен кызматташып, Кыргызстандын мамлекеттик сырларын айтпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мунун баарын тартипке алып келүү үчүн мамлекеттик деңгээлде, мыйзам чегинде каралышы керек. Анткени мунун мааниси өтө чоң»,- дейт Медетбеков.

Copyright © 2017 Maral FM