Биз менен байланышыңыз

Sputnik V вакцинасы коронавирустан жаныбарларды да коргой алары айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1061 | 0

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Александр Гинцбург «Sputnik V» вакцинасы коронавирустан жаныбырларды да жакшы коргой аларын айтты. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

Вакцина Орусиядагы Гамалея эпидемиологиялык жана микробиологиялык изилдөө борборундагы жаныбарларга сыналган.

Февраль айынын башында «Lancet» илимий журналы «Sputnik V» вакцинасына болгон сыноолордун III фазасынын жыйынтыктарын жарыялаган. Анда дары жогорку иммуногендүүлүктү жана коопсуздукту көрсөткөн. Вакцинанын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Ошондой эле коронавирустук инфекциянын оор учурларынан толук коргой турганы тастыкталды деп жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM