Биз менен байланышыңыз

Түркияда эки аптага карантин жарыяланат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1076 | 0

Түркияда коронавирустун кескин жайылышынан улам Рамазан айынын алгачкы эки аптасында карантин жарыяланат. Бул тууралуу түрк расмий маалымат булактары жазып чыкты.

Президент Режеп Тайип Эрдоган пресс-конференцияда вирусту ооздуктоо максатында шаар аралык каттамдарга чыгууга болбой турганын, 65 жаштан жогору жана 18 жашка чейинки жарандарды коомдук транспортто жүрүүлөрүнө чектөө коюлганын айтты. Ошондой эле түрк бийлиги департаменттердин иш убактысын өзгөртүп, спорттук жана көңүл ачуу борборлору жабылып, түнкүсүн коменданттык саат күчөтүлөрүн кошумчалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча соңку төрт күн ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 200 миңге жетип, бир суткада 50 миңден кем эмес адам катталууда.

Copyright © 2017 Maral FM