Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы да өсүүдө

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1627 | 0

Улуттук статистика комитети АИ-92 бензининин жана дизель күйүүчү майынын баасы боюнча өлкөнүн 18 калктуу конушуна изилдөө жүргүзүп, майдын чекене баасы кескин өсүп жатканын аныктады.

8-апрелге карата алынган маалыматка ылайык, АИ-92 бензинине болгон баа орто эсеп менен 47,94 сомду түзүп, март айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөн. Ал эми дизелдин баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.

АИ-92 бензининин чекене баасы Баткен (51,22 сом), Исфана (50,91 сом), Кара-Суу жана Ноокат ( 48,70 сом) шаарларында өтө жогору баада сатылганы, Нарын  (46,40 сом), Балыкчы (46,70 сом) шаарларында, Чаек айылында (46,90 сом) салыштырмалуу арзан экени белгилүү болду.  Ошондой эле АИ-92 бензини Кара-Балта шаарында 12,7 пайызга, Каракол шаарында 11,1 пайызга жана Чаек айылында 10,8 пайызга кымбаттаган.

Ал эми дизелдин чекене баасы Исфана (47,83 сом), Баткен (47,60 сом), Кербен (44,75 сом), Кара-Суу (44,70 сом) шаарларында өтө кымбаттап, Токмок (42,45 сом), Каракол (42,56 сом), Нарын шаарларында (42,60 сом) арзаныраак сатылган.  Муну менен бирге дизелдин баасы Жалал-Абад шаарында 8,5 пайызга, Балыкчы шаарында 7,9 пайызга, Талас шаарында 7,8 пайызга көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM