Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 151 адамдан табылды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1873 | 0

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус дагы 151 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 74, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 47, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан табылган.

Ошол эле учурда сутка ичинде 112 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 60, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 35, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2 адам сакайды.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 849 адам дарыланууда. 562 бейтаптын абалы «орто оор» деп бааланса, 169 адамдын абалы оор жана 28 бейтап өтө оор абалда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 298 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 223 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 89 миң 811 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 719 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM