Биз менен байланышыңыз

Ошто бир адам өрттөн каза болду

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1644 | 0

Бүгүн, 8-апрелде саат 13:33тө Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери 13:40та жерине барып, саат 13:44тө курчоого алышкан. Саат 14:04тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпы 103 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин күйүп кеткен сөөгү табылып, Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM