Биз менен байланышыңыз

Айзаданын өлүмүн иликтеп жаткан милиция кызматкерлерине текшерүү жүргүзүлөт

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1587 | 0

Уурдалган кыздын өлүмү тууралуу ишти иликтеп жаткан милиционерлерге карата текшерүү жүргүзүлөт.

Мааалыматка ылайык, иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында сөөгү табылган кызды уурдоо боюнча сотко чейинки процесстин үстүнөн иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттери текшериле баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Copyright © 2017 Maral FM