Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Эки күндө 9 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1699 | 0

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи күнү 9 миң 11 адам вакцина алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 2-апрелге карата 65 жаштан жогору 3 миң 726 жаран жана 5 миң 485 медициналык кызматкер эмдөөдөн өткөн. Мунун ичинен 2 миң 313ү Ташкент шаарынын тургундары, бул аймактардагы эң жогорку көрсөткүч катары белгиленди.

Буга чейин Өзбекстанда «ZF-UZ-VAC-2001» өзбек-кытай вакцинасы жана Европанын «AstraZeneca» вакцинасы колдонулуп жатканы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM