Биз менен байланышыңыз

Марипов: Өкмөттүн ишин баалоо үчүн KPI механизми ишке киргизилет

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 984 | 0

Министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин ишин баалоо, көзөмөлдөө жана мониторингдөө үчүн KPI механизмин (Key Performance Indicator – натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрү) ишке киргизүү керек. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов 2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын караган Өкмөттүк кеңешмеде билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында 100 күндүк программаны өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу маселеси турат.

«Мен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик орган жетекчилеринин ишин объективдүү баалоо үчүн KPI тутумун киргизүүнү маанилүү деп эсептейм. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселесинде тармактык органдар азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө карата бааны туруктуу кармоо боюнча сапаттуу иш жүргүзүүсү зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр саламаттыкты сактоо маселесине токтолуп, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сатып алууга каржы издөө зарылдыгын белгиледи.

Талкуунун соңунда аткаруу органдарына, Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM