Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дүйнө жүзүндө 2022-жылы күзүндө басаңдашы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 989 | 0

Дүйнөлүк эксперттердин маалыматына ылайык, коронавирусту дүйнө жүзү 2022-жылы күзүндө жеңет. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдан кийин коронавирус чанда кездешкен оорулардын катарына кириши ыктымал. «Толук жок болуп кетет» деп айтуу кыйын.

«Оору жаңы башталганда өзүнөн-өзү жоголот деген ойдо болгонбуз. Башкача айтканда, сасык тумоо сыяктуу жеңил формада кездешип жүрө берет деген божомолдор бар эле. Бирок дүйнөлүк тажрыйба коронавирус оор түрдө өтөрүн көрсөттү. Ошондуктан эмдөөдөн өтүү зарыл», — дейт Искакова.

Искакова мындан сырткары өлкөгө келген вакциналарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин, болгону отчеттордун негизинде гана иш жүргүзөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM