Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Вакцинаны ким бекер берсе, эмдей беребиз

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1275 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Алгачкылардан болуп вакцинаны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алды. Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн соң, абалы жакшы экенин айттып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Биринчи алганда ооруду, бирок баары жакшы эле. Ден соолугум жакшы, өзүмдү жакшы сезип жатам. Азыр биринчи вакцина алгандар экинчи эмдөөнү 20 күндөн кийин алат. Кийинки этаптарда кайсы вакцинаны алып келсек, ошол вакцина колдонулат. «Спутник V» вакцинасын сурап жатабыз, башкаларын сурап жатабыз, ким бекер берсе ошолор менен эмдей беребиз».

Кошумчалай кетсек, 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы Кыргызстанга 19-мартта келген. Ал эми май айларында Орусиядан «Спутник V» вакцинасы да гуманитардык жардам катары келери күтүлүп жатат.

АКШда вакцина алгандарга электрондук паспорт берилип баштады

Copyright © 2017 Maral FM