Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Алты бейтап каза болуп, 298 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 548 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды. Бишкекте – 170, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан табылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 89, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 551 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 459 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 29 бейтаптын абалы орто оордукта, 440 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.

Медициналык кызматкерлер арасында бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 дарыгер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 578 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 514 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 735 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM