Connect with us

АКШда вакцина алгандарга электрондук паспорт берилип баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 933 | 0

АКШнын Нью-Йорк шаарында коронавируска каршы эмделгендерге атайын электрондук паспорт берилип баштады. Бул тууралуу «USA Today» билдирди.

Паспорт «Excelsior Pass» тиркемеси тарабынан ишке ашырылып, жарандардын смартфонуна жүктөлөт. Анда коронавируска каршы эмделгенин тастыктаган QR-коду көрсөтүлөт. Мындай документи бар жарандар ири иш-чараларга, оюн-зоокторго, маданий-коомдук жайларга эркин кире алат.

Буга чейин Израиль менен Данияда да эмдөө алганын тастыктаган паспорттор колдонууга берилген. Эстония да ушундай эле долбоорду апрель айында баштоону пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM