«Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп, ишке кирген соң, 15 жылда өзүн актайт. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, «CASA-1000» долбооруна ылайык, жылына Пакистанга 2 млрд кВт саат электр энергиясы сатылышы керек. Кыргызстан анын ичинен 1 млрд кВт саат электр жарыгы менен камсыздай алат. «Камбар-Ата-1» ГЭСинин энергиясы «CASA-1000ге» берилсе, долбоор өзүн актайт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Өкмөтү жер бөлүп бериши керек. Себеби ГЭСтин жээктери бир нече айыл өкмөткө карайт. Бирок жер бөлүп берүү бир күндө чечилбейт, 1 жылдан ашык убакытты талап кылат.
«Эң башкысы келишимди туура түзүү кажет. Мында эл аралык деңгээлдеги юристтердин кеңешин алуу сунушталат», — дейт Султаналиев.