Биз менен байланышыңыз

«Чек ара боюнча Кыргызстандын Тажикстанга саясаты — туура кадам»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 4377 | 0

Чек ара маселесин чечүүдө товарлардын экспортуна чек коюу сыяктуу рычагдарды колдонуу — дүйнөлүк тажрыйба. Бул ыкманы коңшу мамлекеттер Кыргызстанга карата кеңири колдонуп келет. Андыктан чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстандын Тажикстанга жасаган саясаты — туура кадам. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Башкалар кагазга ороп айтса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачык эле айтып койду. Кыргыз тарап тажиктер менен тең ата сүйлөшө алат. Биздин рычагдар аябай көп жана тажик тарапка көз карандылыгыбыз жок. Тескерисинче, суу, инфраструктура, саясй жактан алар бизге көз каранды. Болгону, чек ара маселесинин чечилбей келе жатканынын себеби: бизде узак мөөнөттүү саясат жок. Чек араны эч ким карабай койгон», — дейт Айжигитов.

Анын айтымында, чек ара маселесин дипломатиялык жол менен укуктук тартипте чечүү керек. Бирок дипломатия мамлекеттин артында байлык, күч турганда гана өтүмдүү болот.

Чек аралардагы аткезчилик жөнөкөй жарандардын колунан келбейт. Ал бийликте, чек арада отургандардын колунан келет.

Белгилей кетсек, Ташиев Тажикстан менен чек ара так чечилбесе, Кыргызстан Тажикстанга Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген товарларды өткөрбөй турганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM