Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте кайра карантиндик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 2863 | 0

Борбор калаада кайра карантиндик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте март айында коронавируска кабылгандарын саны өстү. Коронавирустук инфекция 30-34 жаш курактагыларда 57.7%ды, 65 жаштан жогоруларда 29.6%ды, 18-29 жаштагыларда 9.2%ды, 15-17 жаштагыларда 0.8%ды, 14 жашка чейинкилерде 2.4%ды түзүүдө.

«30 жаштан жогору курактагылар — эл көп чогулган жерлерге көп баргандар. Тагыраагы, той-ашка барып, эс алууга чыккандар. Ал эми 65 жаштан жогоркулар өнөкөт оорулар менен каттоодо тургандар. Бир жашка чейинки балдардын арасында да бул дарт катталууда, көбүнчө жеңил өтүп жатат», — дейт Рыскулбекова.

Ал жарандарды санитардык нормаларды так сактап, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM