Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза вакцина жөнөттү (фото)

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 933 | 0

Бүгүн Кытайдын борбору Пекин шаарынан COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинанын алгачкы партиясын жүктөгөн учак Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Буга чейин Кытай гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинасынын 150 миң дозасын берери айтылган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бул партиядагы вакцина 75 миң адамга жетет. Министр мындан тышкары Орусиядан Кыргызстанга жана «COVAX» программасынын алкагында гуманитардык жардам катары вакцина келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM