Биз менен байланышыңыз

«COVID-19 жуккан алгачкы бейтап диагнозун түшүнүү менен эле кабыл алган»

Блог | 18 Мар 2021 | 671 | 0

Мындан туптуура 1 жыл мурун Кыргызстанда коронавирустун келгени так аныкталып баштаган. Анда алгачкы бейтаптар Сузак районунан аныкталып, жарандар кооптонуп, дүрбөлөңгө түшкөн. Ошол учурда Замира Орунбаева Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси болуп иштеп турган. Биз аны кепке тартып, ошол маалдагы кырдаал боюнча маек курдук.

— Замира айым, мындан бир жыл мурун коронавирус Сузактын жашоочуларынан табылганы боюнча маалымат тарап, үрөйүбүздү учурган эле. Бул окуя кандай болду? Сиздер кандай иштеп жаттыңыздар?

— Январь-февраль айларында эле коронавирустун алдын алуу боюнча алгоритм, протоколдор берилип турган. Март айынан баштап сырттан келген жарандарды текшере баштаганбыз. Ошол маалда Умрадан, Москвадан, Түркиядан келген адамдарды үйүнөн көзөмөлгө алып, 14 күнгө жаткырып жаттык. Былтыр 12-март күнү Умрадан учуп келгендер болду. Алар үйүнө келери менен эле толук көзөмөлгө алып, эрте менен жана кечинде табын улам текшерип турдук. Ошондо 2 күн катары менен дене табы түшпөй, жыт сезбей жатканын айтып даттангандар болду. Бул 17-мартта болчу. Биз дароо эле акимиатка, Саламаттыкты сактоо министрлигине, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун облустук башкармалыгына, тиешелүү жактын баарына кабар бердик. 1 сааттын ичинде бизге кайра жооп келип, облустук ооруканада атайын бөлүм ачылган. Аларды тез жардам унаалары менен атайын коргонуучу кийимдерди кийип, ошол жакка алып барып жаткыргыла дешти. Симптомдорун карап эле коронавирус жуккан болушу мүмкүн деген күмөн ойдо 2 адамды жаткырганбыз. Кийин тапшырган анализи оң чыкты. Биринчи коронавирус ошентип аныкталган. Анан алар менен байланышта болгон адамдарды издөөгө өттүк. Алардан да ПЧР-анализин алып жаттык. Көбү жеңил формасында өткөрүштү. Бизде Умрадан келгендерди кабар алуу түшүнүгү бар эмеспи. Ошого алар менен байланышта болгондор да көп болгон.

— Кыргызстанда биринчи коронавирус жуктурган адамга ал диагнозду айтуу оор болдубу? Алар кандай кабыл алышты?

— Ал учурда ачык айтпай, «Симптомдору коронавируска окшоп жатат. Сизди облустук ооруканага алып барып текшерели. Балдарыңызды, жакындарыңызды сактайм десеңиз, жүрүңүз. Эгерде таза чыкса, кайра алып келип коёбуз. Сиздики жеңил формада өтүшү мүмкүн. Бирок жакындарыңызды ойлоңуз», — деп түшүндүрсөк, туура эле кабыл алышты. Бирок алар менен байланышта болгон адамдардан коронавирус аныкталганда, аларды жаткыруу аябай оорго турду. Биз аларды элден бөлүп, изоляцияга алышыбыз керек эле. Акимият, райондук ички иштер бөлүмү менен бирге ал ишти аткарганбыз. Биринчи симптомдор аныкталгандан кийин үймө-үй кыдырып, текшерүүнү күчөттүк. Колубузда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдын алуу жана дарылоо боюнча алгоритми бар эле. Балким, биз билбей калган адамдар болушу мүмкүн деп, кайрадан текшерип чыгып жаттык. 2 адамдан коронавирус чыкканга чейин ооруканаларда да кезек күтүп, бири-бирине жакын болуп, сүйлөшүп отургандар көп болчу. Вирус аныкталгандан кийин ФАП, ооруканалардагы талап да күчөдү. Дене табын текшерип, анан башка оорусу боюнча дарылануу үчүн дарыгерлерге киргизип жатышты.

— Ошол учурда сиздерде чоң жоопкерчилик болуп турган. Дарыгерлердин ичинен мындан баш тартып, чочулагандар болгонбу? Себеби өмүр тобокелге салынып жаткан учур болчу да…

-Мен ошол маалдагы медицина кызматкерлерине ыраазычылык айткым келет. Вирустун тарап баштаган маалы былтыр азыркыдай учурда болчу. Сасык тумоо азыр кандай жайылып жатса, былтыр да ошондой тарап жаткан эле. Бирок коронавирус биз үчүн жаңы оору эле. Коронавирус да  мурдагы холера, чума оорулары сыяктуу эле болду. Бизге алдын ала вирус тууралуу маалымат беришип, окутушту. Ошого ылайык аптаптуу күндө коргонуу формаларын кийип жүрүү да азап болду. Ошого карабай бир дагы медик: «Мен кызмат кыла албайм», — деп, бул иштен баш тарткан жок. Вирус бизге келгенден кийин биринчи чогулуш кылганда: «Баары Кудайдын маңдайыбызга жазганындай болот. Ушул оорудан кетесиң деген болсо, ушул оорудан кетебиз», — деп мекенчил сезимдери ойгонду. Алардын мындай эрдигине баа берем. Алардын арасында жаш келиндер, жаш баласы барлар да үй-бүлөсүн таштап, коргонуучу кийимдерди кийип, вирус менен күрөшүп жүрүштү. Ар бир эшикти каккылап, «Сырттан келгендер, ооругандар жокпу?» — деп сурап жатышты. Ал эми администрациядагылар күнү-түнү эле иштеп жаттык. Анын үстүнө бизден маалымат сурагандар көп болуп, телефонубуз тынбай жатты. Вирус Сузактан чыкканы менен бизден башка аймактарга жуккан жок. Дароо коргоону күчөтүп, бул аймактан чыгарбай, дарыладык.

— Жарандар эле эмес, дарыгерлер да ооруп жатты. Ошондо калган медиктер моралдык жактан чөгүп кеткен жокпу?

-Жок, дарыгерлер моралдык жактан эч чөккөн жок. Ооруп калса, изоляцияга алынып, сакайып, кайра ишке чыгып жатышты. Аман калганына сүйүнүп, кайра эле жумуштарын аткарууга киришти. Наалып, нааразы болуп, ишинен баш тарткандар да болгон жок. Себеби ал учурдагы абалды өздөрү да көрүп турушкан да.

— Вирус аныкталгандан кийин Сузакта эл тартип сактап калса керек…

-Вирус эми тарап баштаганда, тагыраагы, март-апрель айларында элде кооптонуу болду. Кадимкидей эрежени сактап, үйдөн чыкпай калышты. Калгандарын органдын кызматкерлери менен бирге көчөмө-көчө кыдырып, тартипке чакырып жаттык. Баш ийбеген айрымдарын айла жоктон 2 суткага чейин камаган учурлар да болду. Бирок кийинчерээк эл вирусту жөнөкөй кабыл алып, катардагы эле сасык тумоо деп түшүнө баштады. Ар кандай пикирлер тарап, «атайын ооруну жуктуруп, ооруп алуу керек» дегендер да болуп жатты.

— Учурда абал туруктуу болгону менен вирус толук жок боло элек. Дарыгер катары жарандарга эмне дейсиз?

-Азыр абал туруктуу деп айтканыбыз менен ал 5 мүнөттө өзгөрүп кетиши мүмкүн. Учурда сасык тумоо да тарап жатат. Элибиз беткап кийип, коюлган эрежелерди сактап, өзү менен кошо айланасындагыларды да сакташы керек. Жаз-күз айларында да дайым беткапчан жүргөндү үйрөнүшүбүз керек.

***Замира Орунбаева учурда Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоо боюнча координатор

Copyright © 2017 Maral FM