Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 526 | 0

Бүгүн, 12-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Бор-Дебе айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 36 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты карай 33 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 140 чакырым аралыкта болгон.

Copyright © 2017 Maral FM