Биз менен байланышыңыз

«Супарада» этно-музей ачылды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 936 | 0

Бишкек шаарындагы «Супара» этнокомплексинде интерактивдүү этно-музей ачылды.

«Шоро» компаниясынын жана «Супара» этнокомплексинин негиздөөчүсү, маркум Табылды Эгембердиевдин элесине арналган бул музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган. Экспонаттардын көбүн Табылды Эгембердиев көзү тирүүсүндө чогулткан.​

Музейден кыргыздарга таандык байыркы буюм-тайымдарды, тарыхый-маданий баалуулуктарды, полимер чоподон жасалган майда миниатюраларды да көрүүгө болот.

Музейдин баштапкы бөлүгү Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналса, кире беришине «Шералинин чокою» инсталляциясы орнотулган. Мындан тышкары «Өнөр айылы»,»Улуу көч», «Көк бөрү» сыяктуу миниатюралык композициялар камтылган.

Этно-музейдин ачылыш аземине экс-президент Роза Отунбаева, профессор, жазуучу Роза Айтматова, канайым Айгүл Жапарова, ошондой эле бир катар маданият өкүлдөрү, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM