Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларлык фонд түзөт

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 509 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн биргелешкен инвестициялык фонд ачат. Аны келечекте 200 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри — Экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков жана Өзбекстандын вице-премьер-министри — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардорбек Умурзаков билдирди.

Билдирүү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда жасалды.

Түзүлүп жаткан фонд «эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн катализатору» болору жана бул бир катар жаңы биргелешкен долбоорлорду, биринчи кезекте өнөр жай кооперациясы жаатын колдоого мүмкүндүк берери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM