Биз менен байланышыңыз

Марипов: Жакында Коопсуздук кеңеши бизнес жана инвестициялар боюнча жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 440 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында премьер-министр Өкмөт инвестицияларды тартуу жана бизнести колдоо тармагында иштин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын белгиледи.

Ошондой эле Улукбек Марипов жакынкы мезгилде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөрүн, анда талкуунун негизги бөлүгү бизнес жана инвестициялар, ошондой эле укук коргоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана алардын кызмат адамдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери болорун айтты.

Жыйындын күн тартибине ылайык 5 маселе каралды. Эксперттер тарабынан Кеңештин чечимдеринин долбооруна киргизилген конкреттүү сунуштар иштелип чыккан. Алар: лицензиялык-уруксат берүү системасын оптимизациялоо, текшерүүлөрдү санариптештирүү, агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестициялык визалар, чакан жана орто ишкерликтин ишканаларына КНС кайтарууну жөнөкөйлөштүрүү.

Copyright © 2017 Maral FM