Биз менен байланышыңыз

Токтогул районунда сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 499 | 0

Кечээ, 10-март күнү Токтогул районундагы Узун-Акмат суусунан жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат 23:00 чамасында Узун-Акмат суусуна 1991-жылы туулган жигит түшүп кеткен.

10-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө иштерин улантып, саат 11:00дө маркумдун сөөгү Терек-Суу айылынын тушунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM