Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 5 мая 2024 | 105 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-май күнү түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 19 … +24,

Талас облусунда түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 17 … +22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… + 15, күндүз +23 … +28,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7… + 12, күндүз +15 … +20,

Нарын облусунда түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 15…+20.

Бишкекте түнкүсүн күн күркүрөп, жаан жаайт, күндүз ала булут каптап, жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM