Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 33 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 378 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 33 адамдан табылып, 45 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 17, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 45 адам коронавирустан айыгып, Бишкекте 2 бейтап каза болду.

Учурда стационарларда коронавирустан 334 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 575 киши айыгып чыкса, 1 миң 473 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM