Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө 6-орунду ээледи

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 478 | 0

Дүйнөдөгү маркетингдик изилдөө боюнча «Research and Market» дүкөнү дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда пахта өндүрүү, керектөө, экспорттоо жана импорттоо боюнча алдыңкы жети өлкө көрсөтүлгөн.

Пахта өндүрүү боюнча рейтингде Өзбекстан 6-орунду ээлеген. Ушул көрсөткүч боюнча лидер өлкөлөрдүн тобуна Индия, Кытай, Америка, Бразилия, Пакистан жана Түркия кирген.

Ал эми дүйнөдө пахта керектөөнүн көлөмү боюнча Өзбекстан 7-орунда турат. Үстөмдүк кылган өлкөлөрдүн арасында Кытай, Индия, Пакистан, Бангладеш, Түркия жана Вьетнам бар.

Бирок Өзбекстан пахтаны экспорттоочу жана импорттоочу өлкөлөрдүн алдыңкы жетилигине кирбей калган. Изилдөөгө ылайык, экспорттоо боюнча АКШ лидерлик кылат, анткени ал жакта текстиль өнөр жайы жакшы өнүккөн. Ошондой эле рейтингде алдыңкы орунда Бразилия, Индия, Австралия, Бенин, Греция жана Кот-д’Ивуар өлкөлөрү көрсөтүлгөн.

Импорттоочу өлкөлөрдүн сап башында Кытай, андан кийин Бангладеш, Вьетнам, Түркия, Пакистан, Индонезия жана Индия турат.

Copyright © 2017 Maral FM