Биз менен байланышыңыз

Өткөн суткада 44 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 628 | 0

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 16, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда — 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Ош шаарында — 5, Талас облусунда — 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыкса, Бишкекте бир адам каза болгон.

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 364 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

Өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери жалпы 4 миң 205 дарыгер коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 86 миң 229 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 179 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 464 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM