Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЦР-тест берди

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 514 | 0

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-февралында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, кыргыз тарапка гуманитардык жардам катары COVID-19 оорусун аныктоого 100 миң ПЦР-тест берүүнү чечти.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине тапшырылды. Жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM