Биз менен байланышыңыз

«Баткенге өзгөчө макам менен кошо жетекчилерге кошумча укук берүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2021 | 1011 | 0

Баткенге өзгөчө макам берүү менен облусттагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө, акимдерге кошумча ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башкаруу системасы акча, кадр, күчкө негизделет. Ал эми бүгүнкү күндө өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү аталгандардын бирине да ээ эмес. Ошондуктан өкмөттүн өкүлү коопсуздук, чек ара маселесинде эч кандай координалдык иштерди жүргүзө албайт.

Баткенге өзгөчө макам берилсе, анда өкмөттүн өкүлүнүн да фондун түзүү зарыл.

«Экинчиден, акимдерди губернатордун сунушу менен дайындоо зарыл. Үчүнчүдөн, күч түзүмдөрү губернаторго оперативдик башкарууда баш ийиши кажет. Өзгөчө макам берилген аймактын тургундары, чек араны кайтарган жарандар жер салыгынан бошотулуп, жеңилдетилген насыя менен камсыздалып, жыл сайын эс алууга жөнөтүлүп, социалдык мекемелер, инфраструктуралар оңдолушу керек. Күч түзүмдөрүнүн санын көбөйтүү абзел», — дейт Айжигитов.

Ал белгилегендей, чек араны кайтарууда бир чакырымга төрттөн сакчы турушу керек. Ал эми өлкөдө аскердин саны аз болгондуктан, 4 чакырымга бирден сакчы туура келет. Бул маселени чечүү үчүн элдик кошуун түзүүгө болот. 20 миң элдик кошуунга жылына 200 млн сом сарпталат да, чек арачыларга караганда 5 эсе аз каражат кетет. Ал эми эффективдүүлүгү эбегейсиз жогору болот.

Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

 

Copyright © 2017 Maral FM