Биз менен байланышыңыз

Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

Саясат | 17 Фев 2021 | 3229 | 0

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Облустун чек ара кырдаалы оор болгондуктан, буга чейин да бир канча ирет өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүп, муну менен көптөгөн жагдайды чечсе боло турганы айтылып келген. Өзгөчө макам берүүдө эмнелерге көңүл бурулат? Баткенге макам берүү менен эмне өзгөрөт? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Баткен борбордон эң алыс жайгашкан облус жана чек арадан эң көп чыр-чатак чыккан аймак болуп эсептелинет. Ошондуктан облустун жетекчилери жеринде чечим кабыл ала тургандай ыйгарым укуктарга ээ болушу керек. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын директору, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

«Мисалы, Баткен облусунун губернаторуна министрлик, мүмкүн вице-премьер-министрлик статус берип койсо, ошол жерде өз алдынча чечим кабыл алып, бизди курчап турган Тажикстандын, Өзбекстандын өкүлчүлүктөрү менен тең ата сүйлөшүп иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Же болбосо Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү деген кызматты жоюп туруп, ошол жерде Баткен облусунун акими-губернатору деген наам берсе, абдан туура болот. Ушундай эле статусту, ушундай эле ыйгарым укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине, мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилигине, чек ара кызматынын жетекчилигине бериши керек. Ошондо жеринде өз алдынча иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алышат». 

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов өзгөчө макам берүү аркылуу системдүү өнүктүрүү иштери жасалышы керек деп эсептейт. Маселен, көбүрөөк акча бөлүү; күч түзүмдөрүн облус жетекчилигине баш ийдирүү; кадрларды өздөрү чече турган укук берүү сыяктуу.

«Эгерде жергиликтүү бийлик ошол жердеги башаламандыкты чечем десе, анда ал жерге акча бериши керек; экинчиден, кадрды чечкенге мүмкүнчүлүк бериши керек; үчүнчүдөн, губернаторго күч структураларын координациялоо функциясын бериши керек. Ошол жердеги күч структурасы губернаторго, райондук структуралар акимге баш ийсе жакшы болот. Жергиликтүү бийлик кандайдыр бир программа түзүшү керек. Ошого бюджеттен акча бөлүнүп берилиши керек. Мисалы, социалдык-экономикалык маселелер боюнча атайын программа болушу керек. Губернатордун илгеркидей өзү бөлүштүрө турган фонду болушу керек. Себеби жардамга муктаж болуп жаткандарга же болбосо кичине акча кошсо, жылып кете турган иштерге таасир эте турган фонд болушу керек. Кадрдык жагын ала турган болсок, жергиликтүү бийлик, министрликтер жана башка структуралар бири-бири менен такыр байланышы жок болуп калган. Ошондуктан маанилүү структуралар болгон ИИМ, Улуттук коопсуздук жана башка ушул сыяктуу кадрларды дайындоодо жергиликтүү бийлик менен сөзсүз түрдө макулдашуу керек». 

Айжигитов ошондой эле Баткен облусун 2035-жылга чейин ситемдүү өнүктүрүү программасы даяр экенин, болгону аны ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Баткен облусуна чектеш жайгашкан коңшу өлкөлөр менен территориясын тактоодо жыл сайын бир канча ирет пикир келишпестиктер болуп келет. Мындан улам жок дегенде делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин өзгөчө макам берүү керектигин айтат Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

Анын айтымында, Баткен облусуна өзгөчө макам берүүдө ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алып, мыкты адистер менен иштеп, терең ойлонуп, өзгөчө көңүл буруп, керек болсо эч кандай каржыны аябоо керек.

«Баткен облусуна өзгөчө бир статус берип туруп, губернатордун рангын вице-премьердикиндей кылып көтөрсө, ага жумуштарды аткаруучу мекеме-ишканалардын баары баш ийсе, ошондо гана алдыга жылса болот. Себеп дегенде Баткенде бир гана чек ара маселеси эмес, коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланган суу, жайыт жана жолдору бар. Ошондуктан жайыт, жол, сууну биргеликте чечип кетүү керек. Мына ошого байланыштуу ушуларга тиешелүү болгон ведомстволорду так чечип бүтүрүшү керек. Мындан сырткары коңшулар менен чектеш аймакта ачык бош талааларыбыз абдан көп. Ошол бош талааларды иштетпесек, коңшулардын кызыгуусу көп болот. Бош жерлерге мамлекеттик ишканаларды куруп, же жеке ишкерлерге арзандатылган же бекер суддалардан берип, курулуштарды куруп, бош жерлерди өзүбүз ээлеп калышыбыз керек. Эгерде Баткенге өзгөчө статус берип көңүл бурбасак, анда болбойт. Бизде чек араны Баткендин гана чек арасы катары баалап келет, ал — Баткендин эле эмес, Кыргызстандын чек арасы. Баткендин тоолорунда алтын бар, алюминий дагы бар, көмүр, сымап жана мрамор чыгат. Ошондуктан Баткенден эч нерсени аябоо керек, себеби, биринчи өлкөнүн чек арасы бекем болуп, өлкө бүтүн болушу керек». 

Ал эми Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, жаш активист Нурсултан Калилов Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөн гана өкмөттүн «пиар-ходу» болуп калбашы үчүн, бир канча багытта негиздүү иштерди алып барышы керектигин белгиледи. Ал иш алып барылышы керек болгон үч багытты төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Биринчи багыт — чек араны бекемдөө. Ал жакта чийимдерди чийип, керек болсо зым тартканга чейин баруу керек. Ошол эле мезгилде Баткен облусунун губернатору министрдин статусу катарында Өкмөттүн курамында болуп, чечим кабыл алууга түздөн-түз таасир берип, реалдуу күчкө ээ болушу керек. Андан сырткары чек арадагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтүп, ошол жактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу керек. Эл өзүн коопсуз сезе албагандыктан, ар дайым чыр чыкканда, дүрбөлөңгө түшөт.

Экинчи багыт — социалдык көйгөйлөрдү чечүү. Бул үчүн бюджеттен кепилдик берилген акча каралып, ошонун негизинде жергиликтүү калк үчүн жол, таза суу, сугат суу, бала бакча, мектеп, ФАП, оорукана сыяктуу маселелерди чечип, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек.

Үчүнчү багыт — бизнес тармагы. Өлкөдөгү башка облустарга салыштырмалуу Баткен облусунда ички жана сырткы миграция алдыңкы орунда турат. Ошондуктан чек арага жакынкы аймакта эл канчалык жыш жайгашса, чек аранын бекем болушун шарттайт. Ошол жерлерди эл өздөштүрүп, жашоо үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Жумуш орундары — бүгүнкү күндө ишкердик, бизнес чөйрөсү. Ошондуктан облуска өзгөчө макам берип жатканда, ошол жерге эркин экономикалык аймактарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү берүү керек. Ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү насыялар же салыктан бошотуу сыяктуу ченемдер киргизилиши керек деп эсептейм». 

Өкмөт 30 жылдан бери келе жаткан чек ара маселесин чечүү убакытты талап кыла турганын айтып келет. Баткендеги чек ара чырынын чыгуусуна көбүнчө такталбаган аймактардагы курулуштар, жол талашуу, суу пайдалануу жана жайыт маселеси себеп болот. Чыр-чатак кыргыз-тажик айылдарынын тургундарынын ортосунда таш ыргытуу менен башталып, чек ара кызматы асманга ок атуу менен тынчытып, кырдаалды жайгаруу үчүн эки тараптын расмийлеринин сүйлөшүүлөрү менен аяктап келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, өткөн 2020-жылдын 8 айында 240 адам мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM