Биз менен байланышыңыз

Токон Мамытов мурдагы муфтий тууралуу кайрылуусунун себебин түшүндүрдү

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2021 | 1109 | 1

Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев боюнча тараткан билдирүүсүнө токтолду.

«Дин — маданият, аны бөлүп кароого болбойт. Ошол кезде коом экиге бөлүнө баштап, ал эми акыйкатты айтайын дегендердин үнү угулбай жатты. Ажырым кетпесин деген ойдо Акыйкатчы институту өз көз карашын билдирди. Кеп Токтомушев жөнүндө эмес, дин жөнүндө. Мурда да азыркыдай кырдаал 3-4 жолу болгон. Мындай учурда коомдун биримдигин ойлогон тарапты колдоп туруу зарыл.  Мен Ислам динин сыйлагандыктан билдирүү тараттым», — деди Мамытов.

Ал динди сыйлап, Токтомушевди үй камагына чыгарууну туура көргөн. Анткени коомдо ажырым жаралып келе жатканын айтып, кооптонуусун билдирди. Эртеңки күнү Токтомушевди колдогон, ага каршы чыккан митингдер орун албашы керек.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды

Copyright © 2017 Maral FM