Биз менен байланышыңыз

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 3990 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК тарабынан Муфтияттын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Тергөөнүн натыйжасында муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражатты пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу жана бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынган.

Анын негизинде, 10-февралда муфтий кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгында кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет жана коомчулукка маалымдалары айтылды.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын иштөө мөөнөтү быйыл мартта аяктамак.

Ажылыктын акчасын «айланткандар»

Copyright © 2017 Maral FM