Кыргызстанда муфтий алмашардын алдында ажылыкка байланыштуу кыңыр иштер болгону ачыкталды. Бул жолу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «ажылыкка чогулган акчадан пайда көрүү максатында кредитке берген» деген шек менен айыптап, Муфтияттын башкы эсепчисин камакка алды.
Ажылыкка барууга ниет кылып, акчасын төлөгөн зыяратчылардын бири Нурбек аттуу жаран муфтияттын коррупциялык иштерге барганына ишенбейт.
Ал былтыр келинчеги экөө үчүн ажылыкка эсептелген акчаны төлөгөн. Каражаты банкта турганын айтып, акча муфтият тарабынан пайызга берилгенин жалган деп эсептейт. Быйылкы жылдагы ажылыкка бара тургандардын тизмесине дароо киргенге жеңил болушу үчүн акчасын кайтарып алган эмес.
— Былтыр келинчегим экөөбүз үчүн ажылыкка өлчөнгөн акчаны төлөгөнбүз. Ал акча банкта турат, биз каалаган учурда барып ала алабыз. Муфтият аны пайызга берди дегенге ишенбейм, мындай болушу мүмкүн эмес. Банк системасы боюнча муфтият аны алып иштете албайт. Мен кайра барып, алсак болорун текшерип да көргөм. Кайра быйылкы ажылыкка бара тургандардын тизмесине дароо киргенге жеңил болушу үчүн биз акчаны кайтарып алган жокпуз, банкта калтырдык. Муфтийдин дарегине айтылып жаткан сөздөр — каралоо, бул мусулмандык сыпатка жатпайт. «Эптеп эле муфтийликке жетсем же ажылыктын акчасынан пайдалансам», — деп көздөп турушат. Биз муфтийге ыраазыбыз. Коррупцияны аныктап чыккан укук коргоо органдарына да ишенич жок. Сүйлөшүп алышы, өзүнүн адамдарын коюуну көздөп жаткан болушу толук мүмкүн.
Былтыр Нурбек мырза сыяктуу ыйык сапарга барууга ниеттенген 5526 адам тийиштүү көлөмдөгү акчаны атайын эсепке которгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет муфтият ажылык үчүн топтолгон акчаны жеке финансы компанияларына берип, ай сайын пайызын алып турушканын аныктады.
УКМКнын 10-февралда тараткан маалыматына караганда, бул ишти жашыруу үчүн муфтияттын эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган.
Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча катталып, башкы эсепчи пара берип жаткан жеринен кармалган. Иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.
Муфтияттын басма сөз кызматкери Максат Атабаев былтыркы жылы ажылык үчүн канча акча чогулганы жана канчасы кайтарылганы тууралуу маалымат берди.
2019-2020-жылдары ажыга барам деп 5526 адам 3350 доллардан төлөгөн. 4060 адам 500 доллардан берген — ажылык серверинде жалпысынан 9586 зыяратчы катталган.
Анын ичинен 500 доллар — 464 адамга, 3350 доллар — 2024 адамга кайтарылды.
Ошондой эле, зыяратчылардын формасы, аба каттамы, вакцинасы үчүн, КМБДнын кызматкерлеринин эмгек акысына да акча төлөнүп берилген. Болжол менен жалпы 18,5 миллион доллар чогултулган, анын 7 миллион 327 доллары элге кайтарылган.
КМДБнын башкы эсепчисине ачылган кылмыш иши боюнча маалымат соттун чечиминен кийин гана берилери айтылды.
2010-жылы ажылыкка баруу иштерин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган. Анда да коррупциялык көрүнүштөр менен коштолгондуктан, кийин кайра муфтиятка жүктөлгөн.
Социокод, «Коомдук пикир» изилдөө борборунун кызматкери Эсен Өмүракун уулу эң оболу Ислам дини акчаны пайызга берүүгө катуу тыюу саларын эскертип, ажылыктагы коррупцияны жоюу үчүн аны өткөрүүнүн коммерциялык жагын жеке фирмаларга берсе болот деген ойду айтты.
— Аалымдар кеңеши ажылыкка чогулган акча канча экенин жана кайсы банкта экенин ачыктоону талап кылган. Бирок муфтий менен башкы эсепчи аны эмдигиче бербей келген. Ошол акча жеке компанияларга зайым катары берилип, пайыз өндүрүлүп турганы айтылып жатат. Бирок Ислам дининде пайызга акча берүүгө катуу тыюу салынат.
Негизи ажылыктын акчасы болбосо, муфтиятта жоопкерчиликтен башка эч нерсе жок да. 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турган кезде ажылыкты Дин комиссиясы өткөргөн. Ошондо муфтияттын эң тынч жашаган жылы болгон. Ажылыктын акчасы келгенден баштап, буларда көйгөй башталган, ал акчаны өзүнүн жамаатына, жеке кызыкчылыгына колдонгон учурлар көп болгон.
Ажылыкты уюштурууну Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бир жолу өткөрүп, ал жакта да коррупциялашып кеткенден кийин, кайра муфтиятка берилген. Менин оюмча, ажылыктагы коррупцияны жоюу үчүн аны өткөрүүнүн коммерциялык жагын жеке фирмаларга берсе болот. Умра зыяратын 10го жакын жеке фирма өткөрөт, ошолорго бөлүп берсе же тендер аркылуу өткөрүп берсе болот. Анткени мамлекет да, муфтият да уят болбогудай деңгээлге чыгарышы керек. Мамлекет өткөрүп, ашмалтайы чыкты, муфтиятта да жыл сайын талаш-тартыш.
Мамлекеттин дин боюнча саясаты өлкөдөгү жалпы диндер жөнүндө. Ошондуктан мыйзамга ажылыкты муфтият өткөрөт деген берене кирип калган. Мыйзамдагы кемчиликтер да коррупциянын болушуна жол ачат.
Эсен Өмүракун уулу кошумчалагандай, ажылыкка байланышкан коррупциялык көрүнүштөр бир гана муфтияттын жетекчилигине байланыштуу эмес, ал — башка мамлекеттик түзүмдөр менен бирге болгон коррупция. Кээ бир топтор ажылык өткөрөрдүн алдында муфтиятты тегеректеп, өз үлүшүн алып, анан кетишет.
Серепчи Канатбек Мурзахалилов көп акча айланып турган жерде коррупция болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш экенин айтат.
— «Дин эркиндиги жана диний уюм жөнүндө» мыйзам бар. Ошол жерде муфтияттын ички уставы көрсөтүлгөн. Ошонун негизинде финансы маселесине байланыштуу күнөөлүү адамдар жоопко тартыла бериши керек. Муфтият да — ишкана, аны биз өкмөттүк эмес уюм катары көрүшүбүз керек, бардык диний уюмдар – өкмөттүк эмес уюмдарга кирет. Бирок биз күткөндөй эле окуя болду. Себеби буга чейин коомчулукта ушул сыяктуу сөздөр айтылып келген. Чоң акча айланып турган жерде коррупция болуп эле келген.
Канатбек Мурзахалилов
Кыргызстанда жакында муфтий алмашат. Апрель айында Аалымдар кеңешинин курултайы өтүп, жаңы муфтий бекитилет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын учурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев 10-февралда кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул кызматты анын орун басары убактылуу аткарып турат. Токтомушевдин ыйгарым укуктары 4-мартта аяктамак.