Биз менен байланышыңыз

Муфтий Максат ажы Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 2025 | 0

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу «Маралга» КМДБнын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, КМДБнын башкы бухгалтери боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилет.

Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы 9-августта Кара-Кулжа районунда туулган. Оштогу айыл чарба институтунда зооинженер кесибине окуган. Андан кийин Пакистандагы медреседе ханафи мазхабы боюнча фыкх жаатында илим алган. 2005-13-жылдары «Абдулла ибн Масуд» медресесинде сабак берген. Ошол эле учурда 2008-2010-жылдары Бишкектеги мечиттердин биринин имам-хатиби болгон. 2010-2013-жылдары Бишкектин казысы, 2013-2014-жылы муфтий орунбасары кызматын аркалаган. 2014-жылы Кыргызстандын муфтийи болгон.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. Ал кыргыз, орус, араб, өзбек жана урду тилдеринде эркин сүйлөйт.

УКМК Муфтияттын башкы бухгалтерин кармады

Copyright © 2017 Maral FM