Биз менен байланышыңыз

УКМК Муфтияттын башкы бухгалтерин кармады

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 2792 | 0

УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтери кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардын ажылыкка баруу үчүн кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине насыя катары берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып жүргөнү аныкталган. Айтылып жаткан сумма 100 миллион сом, андан түшкөн үстөк пайыздар жеке максатта колдонулуп келген.

Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кечээ, 9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муфтий Максат ажы Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Copyright © 2017 Maral FM