Биз менен байланышыңыз

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына арыздар 17-февралдан тарта кабыл алынат

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 690 | 0

17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 11-февралында жыйын өткөрүп, анда 5-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү боюнча токтом кабыл алынган.

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;
  2. Салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;
  3. Жогорку финансылык билимге ээ;
  4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген (талапкерге артыкчылык берилет);
  5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
  6. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мурда соттолбогон;
  7. Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;
  8. Мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш (5) жылдан кем эмес иштеген;
  9. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;
  10. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
  2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (Личный листок) байланыш маалыматтары, жашаган дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
  3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт) ;
  4. Резюме (илимий жетишкендиктерине, иш тажрыйбасына жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
  5. Мүнөздөмө (акыркы иштеген мекемесинен);
  6. Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
  8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 57, КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшембиден сырткары бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер aalymdar.keneshi@gmail.com электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17—март күнү саат 18:00гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM